Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карайт


Сапар Исаков Жогорку Кеңеште. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Сапар Исаков Жогорку Кеңеште. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Парламенттин жыйынында “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды. Бул демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да колдоду.

- Конституциянын талаптарына ылайык жалпы депутаттардын үчтөн бири кол койгондо бул күн тартибине чыгышы керек. Тийиштүү колдор топтолгон, процедура сакталды. Ошондуктан бул маселени бүгүн чечели. Мамлекет, саясат, саясий туруктуулук үчүн бул маанилүү маселе, - деди ал.

Сунушту жыйынга катышкан 113 депутаттын 102си колдоду. Жол-жобосу боюнча маселени алгач тиешелүү комитет карап, корутунду чыгарышы керек. Ушул тапта маселени комитет карап жатат.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Ата Мекен", “Республика - Ата Журт” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалашкан. Анда негизги талкуу Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБдеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болду.

Өкмөттүн отчетун буга чейин коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары карап, экөө тең жактырган.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG