Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

ЖК өкмөткө ишеним көрсөткөн жок


Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, буга байланыштуу токтом кабыл алды. Аны 102 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берди. Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт. Төраганын орун басары Мирлан Бакиров парламент тарыхый чечим кабыл алганын белгиледи.

Парламенттин жыйынында “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган. Демилгени “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да колдоп, бардык процедуралар аткарылганын айткан. Бул сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети колдоду.

17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыкты түзгөн “Ата Мекен", “Республика - Ата Журт” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалаган. Анда негизги талкуу Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБиндеги кырсык, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болду.

Өкмөттүн отчетун буга чейин коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары карап, экөө тең оң баа берген.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG