Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Эркебаев: Өкмөт стратегиялык маселелерге көңүл бурбай койду


Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

"Исаков баштаган өкмөт пиар-кадамдарга жакын болуп, чыныгы стратегиялык маселелерге көңүл бурган жок". Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев парламенттин өкмөткө ишеним көргөзбөө чечимине байланыштуу билдирди.

- Бул маселени эки өңүттөн караса болот. Биринчиси - мурдагы президент менен учурдагы президенттин ортосундагы мамиленин курчушу. Өкмөт башчы мындай кырдаалда саясий этиканы карманбай, социал-демократтардын курултайына барып, экс-президентти сыртка чыкканда узатып барганы айтылды. Экинчиден, бул өкмөт жеңил-желпи пиар-кадамдарга жакын болуп, чыныгы стратегиялык, өндүрүштүк маселелерге көңүл бурган жок.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимди колдоп, токтом кабыл алды. Аны депутаттардын 102и колдоду. Эми ЖК токтому президентке жөнөтүлөт. Президент кол коюп, өкмөттүн кызматтан кетишин кабыл алышы керек.

Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG