Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Арменияда демонстрация да, кармоо да уланууда


18-апрелдеги жүрүш. Ереван, Армения.
18-апрелдеги жүрүш. Ереван, Армения.

Арменияда Серж Саргсяндын жана анын Республикалык партиясынын башкаруусуна каршы жүрүштөр уланууда. Нааразылык акциясынын жетинчи күнүндө тактика өзгөрдү.

"Бүгүн биз көчөлөрдү тоспойбуз. Жол жээктей басабыз жана Сержге (Саргсян) каршы айдоочуларды сигнал берүүгө чакырабыз", - деди миңдеген элди баштап жүргөн оппозиция лидери, депутат Никол Пашинян.

Ага чейин эл борбор калаадагы негизги жолдорду ээлеп, жүрүш жасап жаткан. Андан тышкары демонстранттар өкмөттүк мекемелердин имараттарын дагы тороп жатышат. Муну менен алар бийликтин ишине тоскоолдук кылып, иштетпей койгусу келет. Муну оппозиция лидери зомбулуксуз, баркыт революциясы деп атаган.

Бүгүн армян полициясы 20 демонстрантты кармаганы белгилүү болду. 17-18-апрелде кармалгандар 200гө чамалаган.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. 2015-жылы Конституция өзгөртүлүп, премьердин бийлиги күчөтүлүп жатканда ал бул кызматка келбесин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG