Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери - КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Мухамедкалый Абылгазиев катышты.
Көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушун колдогонун билдирди.
- Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылы үчүн кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат, - деп белгиледи Иса Өмүркулов.
Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика - Ата-Журт” фракциясы кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.
Мамлекет башчы парламенттеги көпчүлүк коалициянын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүшүн камсыз кыларын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш берди.
Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. (КЕ)