Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

“Республика - Ата Журт” көпчүлүк коалицияга кошулушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамына “Республика - Ата-Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн көпчүлүк коалициянын жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди. Буга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев каршы чыкты.

- Мыйзамда "кошулат" деген сөз жок. "Фракциялар топтолуп биригет" деп турат. Сасяий партиялар кошулушу мүмкүн, парламенттин табияты андай эмес. "Мыйзамда жазылбаган, демек уруксат" деген парламентке жарашпайт. Өзүбүз башынан туура эмес жол менен кетсек, келечегибиз жакшы болбой калат. Ошондуктан "кошулат" деген сөздү токтотуп, кайра түзсөк Жогорку Кеңештин аброю бир аз көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Болбосо тепки жеп жүрө беребиз.

Өмүркулов буга жооп кылып, көпчүлүк коалиция тарабаганын, өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун бирге колдоп, өздөрүнө да жоопкерчиликти алып жатканын айтты.

- Азыркы отурумда чечебиз. Ким кошула турган болсо, сунуштар болсо карайбыз. Көпчүлүк өнөктөштөр менен бул маселени чечебиз. Жаңы түзүлгөн коалицияда, баарыбызда жоопкерчилик чоң. Кийинки өкмөттү сапаттуу адистерден шайлайлы.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдогон. Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Ушундан кийин мамлекет башчы көпчүлүк коалиция кирген фракция лидерлери менен жолукту.

Ушул тапта парламентте коалициянын жыйыны өтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG