Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

РАЖ көпчүлүк коалицияга кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” (РАЖ) фракциясы көпчүлүк коалицияга кошулду.

Бул тууралуу маалыматты КСДП фракциясынын мүчөсү Абдувахап Нурбаев “Азаттыкка” ырастады. РАЖдын коалицияга кошулушуна “Кыргызстан”, “Бир Бол” жана КСДПнын бардык депутаттары макул болгон. Маалыматка караганда, 20-апрелде парламенттеги көпчүлүк премьер-министрликке көрсөтүлө турган талапкерди карайт. Негизиги талапкер катары Мухамедкалый Абылгазиевдин аты аталууда. Ал азыр президенттин аппаратын жетектейт.

Буга чейин Социалдык фондду жетектеп, биринчи вице-премьер-министр; президенттин кеңешчиси, президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштеген Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп 16-мартта дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG