Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Сауд Арабиясында кинотеатр ачылды


Саудиялык эки жигит алгачкы кинотеатрга кирип баратат. 18-апрель, 2018-жыл.
Саудиялык эки жигит алгачкы кинотеатрга кирип баратат. 18-апрель, 2018-жыл.

Сауд Арабиясында кинотеатрларга салынган 40 жылдык тыюу күчүн жоготту. 18-апрелде Эр-Риядда салтанаттуу түрдө алгачкы коммерциялык кинотеатр ачылды. Ага маалымат министри баш болгон бийлик өкүлдөрү, ханзаадалар жана чет элдик коноктор да катышты.

Ачылыш аземинде жаңы чыгып жаткан "Кара пантера" көркөм фильми көрсөтүлдү. Бейшембиден тартып билеттер жалпы сатыкка чыгарылат.

- Кинотеатрларга келип, тасмалардан рахат алгысы келгендерди абдан кубаттайбыз. Ким кинону үйүнөн көргүсү келсе, бул алардын тандоосу. Ал эми кимдир-бирөөлөр кино көргүсү келбесе, бул да алардын тандоосу, - деди маалымат министри Аввад ал-Аввад.

Кинотеатрларды жана башка көңүл ачуучу жайларды сауд бийлиги өткөн кылымдын 80-жылдары ашынган исламчылардын кысымы астында жабышкан. Анда кино көрүү "күнөө" деп жарыяланган.

Маданий бурулуш - тактынын мураскору Мухаммад бин Салмандын реформаларынын бир бөлүгү. Ал аялдардын автоунаа айдоосуна салынган тыюуну жойгон. Азыр сауд аялдары коомдук жайларга, стадиондорго да бара алат.

XS
SM
MD
LG