Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Жогорку Кеңеш 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш эртең, 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Ушул эле күнү коалициялык көпчүлүк премьер-министрдин кызматына талапкерди карай турганы буга чейин маалымдалган. Негизги талапкер катары президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталууда.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Мындан соң парламенттеги көпчүлүк коалицияга “Республика – Ата Журт” фракциясы кошулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG