Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-апрелге чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. 19-20-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

20-апрелде аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй менен Таласта түнкүсүн 0...-1, күндүз 16...21;

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21;

Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында 20-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0...-2°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG