Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Бүбүйра Кыдыралиева апа батирлүү болду


Бүбүйра Кыдыралиева.
Бүбүйра Кыдыралиева.

Сталиндик репрессия маалында атылгандар көмүлгөн жерди айтып чыккан, учурда 90дон ашкан Бүбүйра Кыдыралиевага Кыргыз Өкмөтү Бишкектен батир берди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев “Азаттыкка” билдирди.

- Бишкек мэриясына тапшырма берилген. Туңгуч кичирайонунан бир бөлмөлүү үй берилди. Репрессиянын 80, Айтматовдун 90 жылдыгына карата Сапар Исаков ушундай чечим кабыл алды. Анткени ал жерде Төрөкул Айтматовдун да сөөгү көмүлгөн. Бүгүн Исаков өзүнүн иш бөлмөсүндө Бүбүйра апаны кабыл алып, батирдин ачкычын тапшырды.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бирок совет доору болгондуктан, Бүбүйра Кыдыралиева укканын ачык жарыялоого батынган эмес.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган 137 интеллигенция өкүлү болгон.

Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы уюшулган "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Туугандарынын үйүндө баш калкалап, оор турмушту башынан кечирип жаткан Бүбүйра апага жардам берип, тарых алдындагы эрдигин эске алып коюуну өтүнүп, Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев өкмөт башчы Сапар Исаковго ушул айдын башында кайрылган болчу.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б.Кыдыралиевага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган.

КЕ)

XS
SM
MD
LG