Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Көпчүлүк коалиция Абылгазиевдин талапкерлигин жактырды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Мындан соң КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан кирген парламенттеги көпчүлүк коалицияга “Республика – Ата Журт” фракциясы кошулду.

Эртең, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөт маселесин талкуулайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда президенттик аппараттын башчысы милдетин аркалайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG