Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Сапар Исаков: Парламент саясий өлүккө айланууда


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

19-апрелде кызматтан кетирилген мурдагы Кыргыз Өкмөт башчысы Сапар Исаков Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат деп эсептейт. Бул тууралуу ал азыр “Апрель” телеканалынын түз эфиринде сүйлөп жатып айтты.

Ошону менен катар Исаков “депутаттар принциби жоктугун көрсөтүштү” деп билдирди.

- Депутаттар тарабынан кандайдыр бир таптакыр принципсиздик болду. Ар адамда, саясатчыда принцип болушу керек. Эгер саясатчы же партия бир позицияны айтса, аягына чейин ошону карманышы керек. Эмне үчүн чукул эле мындай болуп кеткени мага абдан түшүнүксүз болуп калды. Балким катуу айтып аткандырмын, бирок сыягы биздин парламент – Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат окшойт.

Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Мындан соң КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан кирген парламенттеги көпчүлүк коалицияга “Республика – Ата Журт” фракциясы кошулду.

Эртең, 20-апрелде, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөт маселесин талкуулайт.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке учурда президенттик аппаратты жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG