Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Канель Кубанын тышкы саясатын өзгөртпөйт


Мигель Диас-Канель жана Рауль Кастро
Мигель Диас-Канель жана Рауль Кастро

Кубанын жаңы президенти Мигель Диас-Канель өзүнөн мурдагы өлкө жетекчилери Фидель жана Рауль Кастролор жетектеген революциялык жолду улантаарын билдирди.

19-апрелде ал Кубанын тышкы саясаты өзгөрбөй турганын белгиледи. "Капитализмди калыбына келтирүүнү каалагандарга Кубада орун жок" - деди жаңы лидер.

57 жаштагы Канель акыркы беш жылда вице-президенттикти аркалап келген. Рауль Кастронун оң колу катары саналчу. 86 жаштагы Кастро Коммунисттик партиянын лидери катары кала бергендиктен азыркы президентке таасири күч болот деп күтүлүүдө.

Мигель Диас-Канелдин келиши менен өлкөнү 1959-жылдан бери башкарып келген бир тууган Кастролор бийлик башынан кетүүдө.

XS
SM
MD
LG