Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Бакуда Орусия-НАТО мамилелери талкууланды


Валерий Герасимов.
Валерий Герасимов.

Орусиянын башкы офицери менен НАТОнун командачысы Европадагы аскердик ишмердүүлүктү талкуулап, Сирия маселесине да кайрылышты.

Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жана НАТОнун бириккен аскердик күчтөрүнүн башкы командачысы Кёртис Скапаротти Азербайжандын борбор шаары Бакуда кечээ жолукканы расмий кабарланды.

Эки жетекчи акыркы жолу 2013-жылы жолугушкан. Тараптардын ортосундагы мамиле 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алып, Украинадагы жикчилерге колдоо көрсөтө баштагандан кийин бузулган.

НАТО тараткан билдирүүдө “Бакудагы жолугушууда аскердик позиция жана машыгуулар, согушка алып келиши ыктымал аракеттерди алдын алуу тууралуу” маселелер козголгону айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG