Бишкекте "Фейсбуктагы" пикирине байланыштуу кылмыш иши козголгон Темир Болотбек аттуу жарандын соту башталды. Биринчи май райондук сотунда бейшемби күнү өткөн алгачкы отурум бир сааттай эле созулуп, жараянда аудио жаздырууга гана уруксат берилди. Кийинки отурум 27-апрелге пландалды.
Мамлекеттик айыптоочулар тергөөдөгү экспертизанын жыйынтыгында "Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин "Фейсбуктагы" совет доорунда Бишкекте салынган имараттар боюнча талаш-талкууда "совок" деген сөздөрдү колдонуп, "Советтер Союзун эңсегендер “Рашага” кеткиле" деген пикирлери улут аралык кастыкты козутканы аныкталганын" билдиришти.
Айыпталып жаткан профессор Темир Болотбек прокурорлордун айткан дооматтарын четке кагып жатат.
Ушул жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 299.1-беренеси ("Улут аралык кастыкты козутуу") менен кылмыш ишин козгогон.
Бул окуя боюнча "Медиа полиси" институту билдирүү таратып, анда окутуучунун билдирүүсү этикалык жактан туура эмес экенин, бирок ал үчүн адамды эркинен ажыратуу аша чабуу экенин белгиледи.
Темир Болотбек - социалдык түйүндөрдөгү пикири үчүн сот жообуна тартылып жаткан биринчи жаран эмес. Активисттер Мавлян Аскарбеков менен Темирлан Ормуковдун соту уланып жатат. Алар "Фейсбукта" бийликке карата сын-пикирлерди жазып келишет. (TSh)