Контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террордук уюмдардын биринин жоочусу катары шек саналган Д.Д. аттуу чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
32 жаштагы колго түшкөн киши КМШ мамлекеттеринин биринин укук коргоо органдарынын издөөсүндө болчу. Ал 2015-жылдары террордук уюмдардын бандалык түзүмдөрүнүн катарында жүргөн. Сириянын өкмөттүк аскерине каршы согуштук аракеттерге катышып, диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн.
Кармалган киши өнөктөш өлкөлөрдүн атайын органдарына өткөрүлүп берилди. (ErN)