Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:08

УКМКнын төрагалыгына Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги көрсөтүлдү


Идрис Кадыркулов.

Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгына көрсөтүлдү. Анын аты-жөнү өкмөттүн жаңы курамына сунуш кылынган кишилердин арасында парламенттин кароосуна жиберилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

47 жаштагы Идрис Кадыркулов эки жумадай мурда УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалган. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 7-апрелде кол койгон. Ага чейин ал атайын кызматтын Оштогу башкармалыгын жетектеген.

Жогорку Кеңеш 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулду. Күн тартибинде өкмөттүн программасы, тутуму жана курамы каралууда. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG