Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

Свазиленд өлкөсүнүн аталышы өзгөрдү


Свазиленд мамлекетинин спортчулары эл аралык оюндардын биринин ачылышында өлкөнүн желегин көтөрүп баратышат.
Свазиленд мамлекетинин спортчулары эл аралык оюндардын биринин ачылышында өлкөнүн желегин көтөрүп баратышат.

Свазиленд мамлекетинин аталышы Эсватин Королдугу деп өзгөрдү. "Рейтерс" агенттиги 19-апрелде кабарлагандай, мамлекеттин лидери болгон королу Мсвати III өлкө өзүнүн алгачкы аталышына кайтканын билдирди.

Африкада жайгашкан бул мамлекет 1968-жылы өз эгемендигин жарыялаган. Ага чейин Британиянын курамында болгон.

Мсвати III - өлкөнүн монархы, мыйзамдарга ылайык, анын бийлиги чексиз. Ал эгемендиктин 50 жылдыгына карата аземде сүйлөп жатып, Свазиленд менен Швейцариянын аталышын башкалар көп учурда чаташтырып келгенин белгиледи.

Эки өлкөнүн англисче жазылышы окшошуп кетет (Swaziland - Свазиленд, Switzerland - Швейцария).

XS
SM
MD
LG