Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Соростун фонду Венгриядан башка жерге көчөт


Будапешттеги өкмөттүк билборд. 14-февраль, 2018-жыл.
Будапешттеги өкмөттүк билборд. 14-февраль, 2018-жыл.

Белгилүү филантроп Жорж Сорос негиздеген “Ачык коом” фонду Венгриядан кетет. Айрым маалымат каражаттары жазышкандай, эми уюмдун баш кеңсеси август айларында Берлинге көчүрүлмөкчү.

Ал эми “Ачык коомдун” өзү бул кабарга азырынча комментарий бере элек. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Соростун ишмердигин көптөн бери сындап, "саясатка аралашууда жана либералдуу оппозицияга жардам берүүдө" деп айыптап келатат.

Өткөн жумадагы шайлоодо премьердин партиясы жеңип, Орбан үчүнчү мөөнөткө кызматта калды. Элди ага добуш берүүгө үгүттөп жатып ал партия мыйзмсыз миграцияга каршы күрөшүүгө убада берген. Орбан Соросту "миграцияны колдойт" деп да сындаган.

Февралда Венгрия өкмөтү парламентке сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, ички иштер министри бейөкмөт уюмдарга тыюу салуу укугуна ээ болмокчу. Андай коркунучка “Ачык коом” да туш келген.

XS
SM
MD
LG