Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Шайланганы жаткан өкмөт "Таза коомду" улантууну көздөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Курамы жаңыдан парламенттин талкуусуна коюлган өкмөт "Таза коом" программасын улантууну көздөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

- Убакыт жана каржы талап кылынса да, өкмөт башкаруу системасында компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк принцибине басым жасашы керек. Ошондой эле муруңку программалар, анын ичинде "Таза коом" долбоорунун алкагындагы башкаруу процесстерин, автоматташтыруу жана санариптештирүү программаларын улантышыбыз керек.

Мурунку өкмөт баштаган "Таза коом" программасы өлкөнү санариптик өзгөртүү долбоору деп эсептелет.

Жаңы шайланганы жаткан өкмөт өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады. Аны Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин депутаттарына бүгүн түшүндүрүп жатат.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG