Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат ташуу менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Андан алынган маалыматка караганда, Ош шаарынын 35 жаштагы Т.М. аттуу тургуну баңгизатты Тажикстандан мыйзамсыз ташып келип, Орусияга жеткирип жүргөн. Атайын операциянын алкагында анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, бөлмөлөрдүн бириндеги жашыруун сандыктан тасмага оролгон, атайын жыты бар порошок салынган 48 таңгак алынган.
Экспертизага ылайык, алынган зат героин экени такталган. Анын салмагы алты килограммды түзгөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу") менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда. (ErN)