Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Момбеков жаңы өкмөттүн сунушталып жаткан курамын сындады


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жаңы өкмөттүн курамына ичи жылыбай турганын айтты. Ал өз пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди:

- Балдардын өкмөтү бат эле кетти, эми чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келатыптыр. "Жаңы өкмөт" деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң "б\у өкмөт" келиптир. Аймактык тең салмактык керек эле. Эмне үчүн бир да таластык жок? Мага азыркы жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок, - деген Момбеков талапкерлердин көбүнүн буга чейинки жумуштары анчейин алкоого арзыбай турганын кошумчалады.

Курамы жаңыдан парламенттин талкуусуна коюлган өкмөт Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында алдыга койгон пландарын айтып жатат.

Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады. Ал "аймактык тең салмак жок" деген туура эмес экенин белгилеп, мамлекеттик фонддордун, агенттиктердин жооптуу кызматтарына дайындоодо бул маселе кылдат каралаарын билдирди.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG