Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:43

Депутат Рыспаев телефон тыңшоонун укуктук жагын кароону сунуш кылды


Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жарандардын телефондорун тыңшоонун укуктук жагын карып чыгууну сурады. Бул тууралуу ал Ички иштер министрлигинин башчылыгына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына көрсөтүлгөн Кашкар Жунушалиев менен Идрис Кадыркуловго айтты.

Кыргызстанда буга чейин бир канча саясатчылардын, жарандык активисттердин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү тыңшоого алынып, анда айткан сөздөрүнөн улам кылмыш иши ачылган учурлар болгон.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт курамына жаңыдан сунуш кылынган талапкерлердин программасын угуп жатат.

Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG