Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:22

Макмалга фабрика курууга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду


Митинг убагында өрттөлгөн "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имараты.
Митинг убагында өрттөлгөн "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын имараты.

Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” алтын кен комбинатынын аймагына "Жи Эл Макмал девелопинг" ЖЧКсына алтын бөлүп алуу фабрикасын курууга уруксат берүүдө мыйзам ченемдерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Анын билдирүүсүндө айтылгандай, уруксат кагазды Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 2017-жылы берген. Бул башкармалыкка өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү экологиялык экспертизанын корутундусу жок эле макулдук берип салган.

Бул жагдай Коррупцияга каршы күрөш кызматы жүргүзгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында белгилүү болгон.

Факты боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 221-беренесинин 1-бөлүгү (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда.

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери митинг өткөрүп келатышат. 11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаган.

Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде алардын ичинен үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” жөнүндө тилкат менен бошотуп, калган 12 адамды №1 тергөө абагына камакка алган. Буга байланыштуу да 17-апрелде Тогуз-Тородо жана Бишкекте нааразылык акциялары өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG