Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Касымалиева: өкмөт курамында гендердик теңдик сакталышы керек


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өкмөттүн жаңы курамында гендердик теңчилик сакталбай калганын айтып, кийинки кадамдарда муну эске алууну сунуш кылды.

Өкмөттүн жаңы курамынын программасы бүгүн парламентте талкууланып жатат. Кызматка көрсөтүлгөн 22 талапкердин төртөө гана аялдар.

Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG