"Арсенал" футбол клубунун көп жылдардан берки машыктыруучусу Арсен Венгер кызматынан кетээрин билдирди.
Акыркы жылдары "команда жакшы жыйынтыктарга жете албай келатат" деп, машыктыруучунун дарегине сын көп айтылып келди.
Венгер клуб менен 22 жыл иштеди. Ал буга чейин "Арсеналдын" жаңы машыктыруучусуна талапкер катары мекендеши Патрик Вийераны атаганы бар.
26-апрелде Европа Лигасынын жарым финалында англиялык клуб "Атлетико Мадрид" менен беттешет.