Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар Бишкекке келди


Азиз Санжар.
Азиз Санжар.

Химия илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар Кыргызстанга келди. Америкада жашаган түрк улутундагы илимпоз 20-апрелде Бишкектеги Кыргыз-түрк "Манас" университетинде студенттер менен жолукту.

- Мен түрк элдеринин байыркы ата журту болгон кыргыз жергесине келгениме абдан кубанычтамын. Түрк элинин жаштары да, терең билим алып, чоң-чоң ачылыштарды жасаарына терең ишенем, - деген Азиз Санжар жаштарды саясий өзгөрүүлөргө баш оорутпастан көбүрөөк билим алууга үндөдү.

Жолугушууга аталган университеттин окутуучулары, студенттери, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштегендер катышты.

Соңунда Азиз Санжарга "КТМУнун Ардактуу профессору” наамы ыйгарылып, Азиз Санжар атындагы китепкананын ачылышы болду.

Биохимик жана молекулардык биолог Азиз Санжар 2015-жылы Томас Линдал жана Пол Морич менен кошо ДНКнын калыбына келүү механизми боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, үчөө тең Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

XS
SM
MD
LG