Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Кыдыралиев: Өкмөт демократияны сактап калышы керек


Үмбеталы Кыдыралиев.
Үмбеталы Кыдыралиев.

Жаңы келген өкмөт Кыргызстандагы демократияны сактап калып, аны өнүктүрүшү керек. Мындай пикирин өкмөт жактырылгандан кийин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Үмбеталы Кыдыралиев билдирди. Ал фракциянын лидеринин ордуна сүйлөдү:

- Биз, Кыргызстан, 26 жылдан бери эгемен катары жашап жатабыз. Ооба, саясатта, коомдо, экономикада чечилбеген маселелерибиз абдан көп. Жолдорубуз жарылган, жарык өчөт, көйгөй көп. Бирок биздин эң чоң жеңишибиз бар, ал - демократия, чийки болсо да бул эркиндик. Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сиз азыр бийликтин үч бутагынын бирине жетекчи болуп келип жатасыз. Биз ошол демократияны сактай билели. Саясатчыларды, президентти, экс-президенттерди саясий маданиятка чакырышыбыз керек. Бүт чечилбей жаткан маселелерди ушул парламенттен чечишибиз керек. Биз эң жакшы багытта баратабыз, биз ошону сактап калалы,- деди Үмбеталы Кыдыралиев.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын талкуулап, аны жактырды.

Жаңы курамдын программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди.

Жаңы команда 22 кишиден турат, анын төртөө аялдар. Талапкерлердин жарымы мурдагы өкмөттүн тушунда министр болуп иштеген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG