Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Бишкекте "Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан" жумалыгы башталды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте Дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Окуган бала - гүлдөгөн Кыргызстан" аттуу жумалык башталды. Саамалыктын салтанаттуу ачылышы 21-апрелде Курманжан Датканын эстелигинин жанында болду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жумалыктын алкагында балдарды китеп окууга кызыктырган түрдүү иш-чаралар, оюндар да өткөрүлмөкчү. Андан тышкары Кыргызстандын белгилүү жазуучуларынын китептери сатыкка коюлат. Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, UNICEF, USAID, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, "Ага-Хан" фонду биргеликте уюштурду.

23-апрель - Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Бул дата ЮНЕСКО тарабынан 1995-жылы бекитилген. (SE)

XS
SM
MD
LG