Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги ири ишкерлердин бири Фархад Тулагановду камакка алды. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү аткаминерлердин маалыматына таянып кабарлагандай, 18-апрелде кармалган Тулаганов паракорчулук жана алдамчылыкка шектелүүдө.

"Шайтан", "ГИФ" деген каймана аттары бар Фархад Тулаганов бир күн прокуратурада суракка алынып, эртеси Ички иштер министрлигинин тергөө абагына камалган.

Ал Улуттук коопсуздук кызматында иштегендерге пара бергени, мыйзамга каршы иштерге ортомчулук кылып, ишкерлерди тоноп, миллиондогон доллар акчаны өздөштүрүп алганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Милиция анын иниси Дилмурат Тулагановду да издөөгө алган.

Өзбекстанда ондогон соода борборлоруна ээлик кылган Фархад Тулаганов ырчы Юлдуз Усманованын мурдагы жарандык күйөөсү болгонун анын жакындары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG