Белгилүү филантроп Жорж Сорос негиздеген “Ачык коом” фонду Будапешттен азырынча кетпейт. Бирок уюмдун мындан аркы ишмердиги Венгрия бийлигинин маанайына жараша болот.
Бир күн мурда Австриянын Die Presse басылмасы жана башка маалымат булактары “Ачык коом” фонду августта Берлинге көчөөрүн кабарлаган эле. Фонддун өкүлү Reuters агенттигине комментарий берип, азырынча Берлинге кетүү чечими кабыл алына электигин билдирди.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Соростун ишмердигин көптөн бери сындап, "саясатка аралашып, либералдуу оппозицияга жардам берет" деп айыптап келатат.
Өткөн жумадагы шайлоодо премьердин партиясы жеңип, Орбан үчүнчү мөөнөткө кызматта калды. Элди ага добуш берүүгө үгүттөп жатып ал партия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө убада берген. Орбан Соросту "миграцияны колдойт" деп да сындаган.
Февралда Венгрия өкмөтү парламентке сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, ички иштер министри бейөкмөт уюмдарга тыюу салуу укугуна ээ болот.