Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Бишкекте "Медиа топтоо" форуму өтүп жатат


Форумдун жүрүшү.
Форумдун жүрүшү.

Бишкекте “Медиа топтоо: өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу индустриалдык форум башталды.

Жыйын адистик байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү максатында уюштурулду. Андан тышкары атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү жаатында талкуулар болот. Ага өлкөнүн түрдүү аймактарынан журналисттер чакырылды.

-“Топтоо" деген сөз кыргызчадан алынган жана чоң мааниге ээ. Биз форумга Кыргызстандагы медианы сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап жол менен өнүктүрүү үчүн аракет жасаган тилектештерди топтодук, - деди уюштуруучулардын бири, "Интерньюс" уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова.

Форумга эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, адистер чакырылган. Азыркы медиа жана Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын өнүгүү багыттарына арналган талкуу эки күн (21-22-апрель) болот. Соңунда “Интерньюстун” “Умтулуу” деп аталган сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Жыйынды АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө “Интерньюстун” Бишкектеги өкүлчүлүгү уюштурду. (SE)

XS
SM
MD
LG