Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

"Telegram" чектөөгө карабастан ишин улантууда


"Роскомнадзор" "Telegram" мессенжерине бөгөт коюу аракетин улантууда. 20-апрелде түйүндү пайдаланууга көмөкчү болгон дагы 18 VPN жана прокси серверлерге да тосмо коюлганы маалым болду.

Бирок "Telegram" заманбап механизмдердин жардамы менен чектөөлөрдү буйтап өтүп, ишин улантууда. Тоскоолдуктарга карабай Орусияда "Telegram" колдонгондордун саны өскөнүн SimilarWeb аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып РБК агенттиги жазды.

Google Maps сервисинде "Роскомнадзордун" дарегине түрдүү сындар жазылып, айрымдар мекеменин аталышын "Роскомпозор" деп, "мамлекеттик мекеме" дегенди "психоневрологиялык диспансер" деп атап жатышат.

Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "террористтер да сүйлөшүү үчүн колдонот" деген негизде "Telegram" компаниясынан кат алышуунун ачкычтарын берүүнү талап кылган. Купуялыкты 100% сактоого убада берип келген компания талапты аткаруудан баш тарткан.

Ошондон соң Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде "Telegram" түйүнүн Орусия аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу "Роскомнадзор" 16 миллиондон ашуун IP-даректерди блоктоду. Мындан өлкөдөгү банктар, интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркады. (SE)

XS
SM
MD
LG