Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргыз армиясы дүйнөлүк рейтингде жогорулады


Кыргыз жоокери.
Кыргыз жоокери.

Кыргызстандын армиясы дүйнөлүк рейтингде 17 сапка жогорулап, 136 өлкөнүн ичинде 91-орунду ээледи. Мындай маалыматты Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы 19-апрелде жарыялады. Былтыркы рейтингде кыргыз армиясы 108-сапта болчу. 2016-жылы 108-тепкичте турган.

Аталган порталдын баяндамасына ылайык, кыргыз армиясында азыр 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техника, 30 жана 21 ракеталык курулмасы бар.

Уюмдун маалыматы боюнча, өлкөдө армияда кызмат өтөөгө жарамдуу 3 миллион адам бар. Учурда аскер тармагындагылардын саны 13 700 кишини түзөт. Мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнүн бюджети 240 миллион доллар деп эсептелген.

Армиянын кудуреттүүлүгү боюнча рейтингдин сап башында АКШ, Орусия жана Кытай турат. Борбор Азия чөлкөмүнөн Өзбекстан 39, Казакстан 50, Түркмөнстан 80, Тажикстан 96-орундарда турат. (SE)

XS
SM
MD
LG