Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык сыноолорун токтотот


Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык сыноолорду токтотот. Бул тууралуу өлкө лидери Ким Чен Ын 20-апрелде айтып, мамлекеттин өзөктүк сыноо өткөрчү полигону да жабылаарын кошумчалады.

"Өзөктүк сыноолор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана Корей жарым аралында тынчтыкты камсыздоо максатында токтотулууда" - деп маалымдады Түндүк Кореянын расмий басылмалары.

АКШ президенти Дональд Трамп Кимдин чечимин кубаттап, "Бул Түндүк Корея үчүн да, дүйнө үчүн жагымдуу кабар. Жогорку деңгээлдеги жолугушуубузду күтөм" - деп "Твиттерге" жазды.

27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Корея бийликтери чек ара аймагында биргелешип саммит өткөргөнү турат. Тынчтык келишимине жол ачат деп күтүлүп жаткан бул саммиттен соң АКШ жана Түндүк Корея лидерлери жолугат деп кабарланган. Анын убактысы жана кайсы жерде өтөөрү азырынча белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG