Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Сапар Исаковдун кызматтан алынышына каршы беш миңдей кол топтолду


Сапар Исаков.

Сапар Исаковдун премьер-министрликтен кетирилишине каршы петицияга 4830 киши кол койду. Кол чогултуу change.org платформасында жүрүүдө. Жарыя Сапар Исаков кызматтан алынган күнү эле жайгаштырылып, аны колдогондор президенттен бул отставканы кабыл албоону суранышкан.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент ошол күнү кол койгон.

20-апрелде өкмөт башчылык кызматка Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырып, мамлекет башчы жарлык чыгарды. Абылгазиев кызматты аткарууга 21-апрелде киришти.

Пикирлерди көрүңүз (126)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG