Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Швециялык диджей жана продюсер Авичи көз жумду


Авичи деген ат менен белгилүү швециялык диджей жана продюсер Тим Берглинг көз жумду. Reuters агенттиги кабарлагандай, 29 жаштагы музыкант 20-апрелде Оманда дүйнө салды. Өлүмүнө панкреатит оорусу себеп болгону божомолдонууда.

Forbes журналы аны дүйнөдөгү эң көп акы төлөнгөн диджейлердин катарына кошкон. Диджейдин бир жылдык кирешеси 20 миллион доллар деп бааланган.

Стокгольмдо төрөлгөн Тим Берглинг алгачкы альбомун 2013-жылы чыгарган. 2014-жылы ал оор дартка кабылганы айтылган. 2015-жылы экинчи альбомун тартуулап, 2016-жылы чоң сахнадан кеткенин, турларга чыкпай турганын жарыялаган. Былтыр алты композициядан турган мини-альбому чыккан. (SE)

Авичинин чыгармаларынын бири.

XS
SM
MD
LG