Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Абылгазиев: Жунушалиевдин тажрыйбасы чоң


21-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кашкар Жунушалиевди Ички иштер министрлигинин жамаатына тааныштырды. Өкмөт башчысы Жунушалиевдин райондун инспекторунан министрлик кызматка чейинки тажрыйбасы чоң экенин айтты.

Абылгазиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгилеп, ведомствонун жаңы жетекчисинин ишине ийгиликтерди каалады.

58 жаштагы Кашкар Жунушалиев буга чейин милициянын райондук, шаардык бөлүмдөрүн жетектөөдөн баштап министрге чейинки кызматтарды аркалап келген. Жогорку Кеңеш аны 20-апрелде жаңы өкмөттүн курамында ички иштер министри кылып бекиткен. Буга чейин бул кызматта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Улан Исраилов иштеп келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG