Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия маселесин талкуулады


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши ишембиде Швециянын Бакакра аймагына чогулуп, Сирия маселесин талкуулады. Жыйында Сириядагы согушту токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестикти жоюу тууралуу сөз болду. Талкууга кеңешке убактылуу мүчө Швеция бийлиги, толук мүчө 15 өлкөнүн өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш чакырылган.

Швециянын Тышкы иштер министрлиги Сирия кризиси боюнча БУУнун алдыңкы дипломаттарынын чогулушун кубаттап, Стокгольм эл аралык чатактарды жөнгө салууда буга чейин да көпүрө болуп келгенин эске салды.

Мунун алдында Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылганы, арасында балдар бар экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG