21-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр болушу менен куттуктап, мындан кийинки кызматташтык тууралуу сөз кылган.
Бакытжан Сагинтаев 2016-жылдан бери Казакстандын өкмөтүн жетектеп келет. Бул аралыкта Кыргызстанда үч ирет өкмөт алмашты.
Мухаммедкалый Абылгазиев 20-апрелде эгемендик жылдардагы 30-өкмөт башчы катары ишке киришти. (UEz)