Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Саргсян оппозиция лидери менен сүйлөшүү бүтө электе чыгып кетти


Серж Саргсян жана оппозициянын лидери Никол Пашинян, 22-апрель, 2018-жыл
Серж Саргсян жана оппозициянын лидери Никол Пашинян, 22-апрель, 2018-жыл

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян анын отставкасын талап кылган оппозициянын лидери Никол Пашинян менен сүйлөшүү бүтө электе чыгып кетти. “Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, жолугушуу “Марриот Армения” мейманканасында өтүп жаткан. Пашинян өкмөт башчы кызматтан кетиши керектигин айта баштаганда Саргсян сүйлөшүүнү андан ары улантуудан баш тартты.

Оппозия лидери менен сүйлөшүү демилгесин Серж Саргсян өзү көтөргөн. Жолугушууда ал Пашиняндын фракциясы 7-8% добуш алганын, андыктан жалпы элдин атынан сүйлөөгө акысы жок экенин билдирди. Ушундан кийин оппозиция лидери Пашинян тарапташтарын каршылык акцияларын күчтөндүрүүгө чакырды.

Ереванда жана башка шаарларда мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр болгонуна каршы акциялар 10 күндөн бери уланууда. Демонстранттарга оппозициячыл депутат Никол Пашинян лидерлик кылып келет. Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин 200дөй адамды полиция кармаганын кабарлаган. "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда.

Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришкен. Андан соң депутаттардын көпчүлүк добушу менен мурдагы президент Серж Саргсян өкмөт башчы болуп келген. 2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики азайган эле.(UEz)

XS
SM
MD
LG