Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

ЮНИСЕФ: үч облустагы ооруканаларга жардам берилет


Жалал-Абаддагы оорукана
Жалал-Абаддагы оорукана

“Эненин жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө” аттуу жаңы долбоордун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 23 ооруканага ымыркайларды багуучу медициналык техникалар берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аталган долбоор Бириккен улуттар уюмунун Балдарды коргоо фондунун (ЮНИСЕФ), жапон өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.

2021-жылдын март айынын соңуна чейин 500 дарыгер, медайымдар жана саламаттык сактоо тармагында иш алып барган 23 уюмдун жетекчилери ымыркайларды жана балдарды дарылоонун, аларга кам көрүүнүн заманбап усулдары боюнча практикалык билим алып, аларга жаңы санарип технологияларды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле 10 ооруканада суу менен жабдуу, жылытуу жана санитардык системалар оңдолот. Мындан тышкары баланы багуу боюнча практикаларды жакшыртуу максатында жергиликтүү жамааттар деңгээлинде ата-энелерди окутуу пландалып жатат.

Ушул жылдын март айында жапон өкмөтү эне-баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө боюнча долбоор үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жана ЮНИСЕФке 3,5 миллион доллар бөлгөн. Бул долбоор алдыдагы үч жыл ичинде Кыргызстандагы беш жашка толо элек курактагы 924 миң балага жана 150 миңден ашуун кош бойлуу аялга багытталат. (BCh)

XS
SM
MD
LG