Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Москвада катуу шамал эки кишинин өмүрүн алды


Москвада жана Подмосковьеде катуу шамалдын айынан эки киши каза тапты. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз таштанды челектин алдында калып, дагы бир кишини курулуш материалы басып калган. Жалпысынан катуу шамалдан 17 киши жабыркап, 14ү ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө өспүрүм, арасында үч айлык ымыркай да бар.

Синоптиктердин маалыматы боюнча шамал дагы күчөшү мүмкүн. Москванын бийлиги аба ырайынын чукул өзгөрүшүнөн улам айрым аба каттамдары токтотулганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG