Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Ереванда полиция оппозиция лидерин кармап кетти


22-апрель, 2018-жыл
22-апрель, 2018-жыл

Ереванда премьер-министр Серж Саргсянга каршы жүрүш учурунда оппозиция лидери, улуттук жыйындын депутаты Никол Пашинянды полиция кармап кетти. “Азаттыктын” армян кызматынын маалымдашынча, демонстранттар Еревандын административдик Эребуни аймагына жеткенде полиция алардын жолун тороп, кулак тундуруучу курал колдонуп, аларды таркатууга аракет кылды. Натыйжада полиция Пашинянды жана дагы бир оппозициялык депутат Сасун Микаелянды кармады.

Полиция менен кагылышуу учурунда бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Ереванда жана башка шаарларда мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акциялар 10 күндөн бери уланууда. Демонстранттарга оппозициячыл депутат Никол Пашинян лидерлик кылып келет. Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин полиция 200дөй адамды кармаганын кабарлаган. "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда.

XS
SM
MD
LG