Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Кабулда террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны отуздан ашты


Ооганстандын борбору Кабулдагы жардыруудан кеминде 31 адам мүрт кетип, элүүгө жакыны жараат алды. Жанкечти бомбаны Кабулдун борборунда жардырганын Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдады.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алды. Жанкечти каттоо борборунда паспорт алууга кезекте турган адамдарды бутага алган. Жардыруу шииттер көп жашаган Кабулдун батыш районунда болду.

Октябрда өтчү шайлоого карата 14-апрелде Ооганстанда добуш берүүчүлөрдү каттоо башталган эле. Элдин көбү дал ушул каттоого катышып жаткан.

XS
SM
MD
LG