Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

“Азаттыктын” кабарчылары “Умтулуу” сыйлыгын алышты


"Азаттыктын" кабарчылары Уланбек Эгизбаев, Сабыр Абдымомунов, Адилет Бектурсунов.
"Азаттыктын" кабарчылары Уланбек Эгизбаев, Сабыр Абдымомунов, Адилет Бектурсунов.

“Интерньюстун” кесипкөй журналисттер арасында өткөрүлгөн “Умтулуу” аттуу улуттук сынагынын алкагында “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаевге атайын диплом жана Адилет Бектурсуновго калыстардын атайын сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыктар бүгүн Бишкек шаарында өткөн “Медиа топтоо” форумунда тапшырылды.

Эгизбаев “Журналисттик иликтөө”, Бектурсунов “Атайын репортаж” номинациялары боюнча сынакка катышкан.

“Медиа топтоо: өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу индустриалдык форум борбордо эки күн болду. Жыйын адистик байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү максатында уюштурулду. Андан тышкары атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү жаатында талкуулар болду. Ага өлкөнүн түрдүү аймактарынан журналисттер чакырылган.

Форумга эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, адистер катышып, азыркы медиа жана Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын өнүгүү багыттарына арналган талкуу өткөрүштү.

Жыйынды АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу жана FHI360 уюму менен өнөктөштүктө “Интерньюстун” Бишкектеги өкүлчүлүгү уюштурду.

“Умтулуу” (“Стремление”) сыйлыгы “Мыкты жаңылык репортажы”, “Мыкты атайын репортаж", "Лонгрид (узун баян)”, “Мыкты журналисттик иликтөө” жана “Бирөөнүн өмүрүн өзгөрт” атайын номинацияларында өттү. (ErN)

XS
SM
MD
LG