Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 14:20

"Өгөй кызын зордуктады" деп камалган кишинин соту 26-апрелге белгиленди


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук соту бул ишти 26-апрель күнү карай турганын жабырлануучу кыздын адвокаты Аваз Мирзаев билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган кыздын жакындары Өзгөн райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар облустук соттон шектүүнү өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүп жатышат.

Кыздын жакындарынын сөзү боюнча, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, былтыр күздө төрөгөндөн кийин белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жабырланган кыз учурда таенесин колунда тарбияланып жатат. Ал эми секелек төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG