Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Бишкекте 84 гектар жердин ижарага берилишин шаардык кеңеш иликтейт


Бишкек шаардык мэриясы.
Бишкек шаардык мэриясы.

Бишкек шаардык кеңешинин атайын депутаттык комиссиясы борбордо 84 гектар жер тилкеси ижарага берилип кеткени боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев “Азаттыкка" билдирди.

Депутат Бишкек шаарында акыркы жылдары курулган көп кабаттуу 104 үй пайдаланууга берилгени турганын, алардын канчасы жеке менчик жерге, канчасы муниципалдык жерге курулганы да такталышы керектигин айтты.

Бишкектин 84 гектар аймагы беш жылга ижарага берилип кеткени тууралуу кабарды буга чейин Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов ачыкка чыгарган.

Борбордун мэри Албек Ибраимов анын тушунда ижарага алты гектар тилкеси берилгенин айтып, калган жерлер мурдагы шаар бийлигинин учурунда таратылып кеткенин парламентте белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG