Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Макрон: АКШ Тегеран менен макулдашуудан чыкпашы керек


Эммануэль Макрон.
Эммануэль Макрон.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ Тегеран менен болгон көп тараптуу макулдашуудан чыгып кетсе, Ирандын өзөктүк куралы боюнча Франциянын “Б планы” жоктугун билдирди. Ошондуктан француз президенти Вашингтонду дагы бир жаңы келишим табылганга чейин макулдашууда кала берүүгө чакырды.

Келерки аптада Макрон менен Трамп Тегеран менен болгон өзөктүк келишимди талкуулайт. 2015-жылы бул келишим Ирандын, АКШнын жана дүйнөнүн ири беш ири державасынын ортосунда түзүлгөн. Ал Тегерандын өзөктүк курал программасын өнүктүрүүсүнө чек коюп, Иранга каршы Батыштын санкцияларын жеңилдеткен.

Жекшембиде "Fox News" телеканалына берген интервьюсунда француз президенти согуштук аракеттерден кийин Сирияны калыбына келтирүү боюнча АКШ, Франция жана башка союздаштар маанилүү роль ойношу керек экенин да кошумчалады.

Мунун алдында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ 2015-жылы жетишилген эл аралык келишимден чыгып кетсе, Тегеран атомдук программасын “мурдагыдан ыкчам өнүктүрөт” деп эскертти. Бул тууралуу министр 22-апрелде америкалык CBS телеканалындагы маекте айткан.

АКШнын президенти Трамп Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүнөн бери сындап келет. Келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлмак болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG